Ошто баңгизаттарды таратуу менен алектенген топ кармалды

Автор -

Ош шаарында баңгизаттарды таратуу менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын аягында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери баңгизаттарды таратуу менен алектенип жана аны сатууга кардарларды издеп жаткан жаран боюнча ыкчам маалымат алынып, бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

2021-жылдын январь айынын башында Аймактар аралык башкармалыгынын
ыкчам кызматкерлери гашиш саткан бир нече фактыны аныктаган. Тиешелүү бардык материалдарды жана далилдерди топтогон соң шектүүлөрдү кармоо боюнча операция жүргүзүшкөн.

6-январь күнү Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринен 28 жаштагы К.А. аттуу жарандын башкаруусундагы «Форд-Мондео» үлгүсүндөгү автоунааны
токтотушкан. Шектүүгө өздүк кароо жүргүзүү учурунда баңгизатты сатуудан
түшкөн 3 миң сом акча каражаты табылып алынган. Ал акча каражаты ыкчам-издөө иш-чараларында колдонулган акчанын номерине дал келген.

Ошол эле күнү Ош шаарында баңгизаттар менен алектенген уюшулган
топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 42 жаштагы Д.К. аттуу жарандын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлгөн. Ал жактан  сатууга атайын дозалары менен даярдалган баңгизаттар табылып алынган. Алар дагы столдун астынан, шкафтан жана терезелерден дагы табылган. Жалпысынан жалпы салмагы 40 грамм болгон өзгөчө жыты бар 7 баштыкка салынган жана ширенкенин эки кутусуна салынган заттар табылып алынды. Ошондой эле, шектүүдөн баңгизатты сатуудан алган мурда белгиленген 5000 сом акча каражаты табылды. Андан сырткары уруксат берүүчү документтери жок болжол менен газтравматикалык тапанча табылды.

Соттук-химиялык экспертиза табылган заттар 24,53 грамм гашиш жана 5,94 грамм марихуана экендигин аныктады. Кармалган жаран камакка алынды.