Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун Карышкыр каймана аттуу лидери кармалды

Автор -

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, Карышкыр каймана аты менен белгилүү Мурсалым Умырзаков кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал Жазык кодексинин 204-беренеси боюнча ИИМдин жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын алкагында кармалан.

Учурда кылмышка шектүү жаран ЖАМКтын Тергөө кызматына жеткирилди.

Мурсалым Умырзаков 1975-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Ал кылмыш дүйнөсүндө Карышкыр деген каймана ат менен белгилүү жана бир канча жолу соттолгон. 2015-жылы Орусиядан Бишкекке депортацияланган. 

Бөлүшүү