Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинаны кимдер биринчи алат?

Автор -

Коронавируска каршы вакцинаны биринчи кезекте саламаттык сактоо тутумунда иштеген медицина кызматкерлери, тобокелдик тобуна киргендер жана калкты тейлөө кызматтарында иштегендер алат. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта эмдөөнү этап-этабы менен жүргүзүү маселеси каралууда.

«Коронавируска каршы эмдөө боюнча ар ким ар кандай пикир айтып, айрымдары кооптонуп жатышат. Бирок вакцина өлүм учурларын азайта турганын белгилеп кетишибиз керек. Кыргызстан COVAX альянсына кошулган. Бул механизмдин алкагында алдын ала жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, коронавируска каршы эмдөөгө алына турган болжол менен 1 миллион 200 адам бар экени аныкталды. Бул өлкөнүн жалпы калкынын 20 пайызын түзөт. Алардын ичинен вакцинаны биринчи кезекте саламаттык сактоо тутумунда иштеген медицина кызматкерлери, тобокелдик тобуна киргендер жана калкты тейлөө кызматтарында иштегендер алат», — деди Акматова.

Ал вакцина жана аны сактаган муздаткыч алуу үчүн Кыргызстанда учурда эсептөөлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Бөлүшүү