«Ош электр» ишканасынын мурдагы башкы директору Дыйканбай Даминов бир миллион сом пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Финполго «Б» Жабык акционердик коомунун директору арыз менен кайрылып, аталган ишкананын жетекчилиги кызматтык абалынан пайдаланып, жабык акционердик коом тарабынан аткарылган иштер үчүн пара талап кылып жатканын билдирген.
«Жабык акционердик коомунун жетекчиси «Ош электр» ишканасына мурда тендерден утуп алып, аткарган иши үчүн бериле турган алты миллион сомун сурап кайрылган. Буга жооп катары ишкананын директору өзүнүн жеке банктык эсебине пара түрүндө бир миллион сом которууну талап кылган. Ошондо гана аткарган иши үчүн акчаны толук берерин билдирген», — деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу 20-январда Дыйканбай Даминов кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган факты Жазык кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) менен КЖБРге катталды.
Дыйканбай Даминов «Ош электр» ишканасына директор болуп 2013-жылы дайындалып, алты жыл иштеген.