Самара Каримова: Окуу жайдын директорлугунан баш тартам

Автор -

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязаалы атындагы музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартты. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Анын айтымында, арыз жазууга аталган окуу жайдын жамаатынын каршылыгы жана ортодогу интригалар себеп болгон.

«Эли-журтумдун ак батасын албай, кантип ишке киришем? Ошон үчүн, жети эмес жетимиш өлчөп, жакшы санагандар менен кеңешип, чечим кабыл алдым — мен окуу жайдын директорлугунан баш тартам. Бул тууралуу арызымды жазып, буюрса, министрликке жолдойм.

Чындап ак дилимден кызмат кылып берсем дегем. Ошол оюм менен кылган аракетим аркылуу кимди капа кылып алсам, кечирим сурайм. Мыйзамды сыйлаган айрым таза адамдар да мен үчүн катуу сындарды, ачуу кептерди угуп калышты. Алардан да чын жүрөктөн кечирим сурайм. Пенде болгон соң, ак-кара ортосунда жүрөт экенбиз. Билип-билбей кылган күнөөм үчүн Жараткандан да кечирим сурайм. Менин ар-намысымды тебелеп, акараат келтиргендерге да таарынычым жок. Аларды да кечирем. Туура жыйынтык чыгарууга аракет кылам. Эли-журтума колдон келген ак кызматымды арнай берем», — деп жазган Каримова.

Эскерте кетсек, ырчы Самара Каримова аталган музыкалык окуу жайга 2018-жылдын октябрь айында директор болуп дайындалып, эки күндөн кийин ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен иштен алынган. Каримова бул чечим үчүн министрликти сотко берип, утуп алганы быйыл белгилүү болгон. 14-январда Самара Каримова кызматка киришүү үчүн музыкалык мектепке келген, бирок эмгек жамааты аны кабыл албай койгон. Бул арада Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Биринчи май райондук сотунун Каримованы жетекчи кылып кайра дайындоо тууралуу чечими бир катар мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын айтып, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ал эми вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева бул кызматты ээлөөгө ырчынын моралдык укугу жок экенин билдирген

Бөлүшүү