Борбордо 20 батири болгон. Департамент директору мыйзамсыз баюуга шектелүүдө

Автор -

Транспорт жана жол чарба министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, департаменттин И.Ш.М. аттуу жетекчиси мамлекеттик жогорку кызматта турганда кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү, көп сандаган бодо мал сатып алганы аныкталган. Булардын жалпы наркы аткаминердин расмий кирешесинен бир канча эсе көп болгон.

Таза эмес жол менен тапкан байлыгынын изин жашыруу максатында ал кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн, тактап айтканда, 3 хан сарайын, кымбат баалуу автоунааларын, Бишкектин борборундагы 20 батирин тууган-туушкандарына каттатып койгон. Ошондой эле ал жакындары менен чет өлкөгө эс алууга баттан барып турганы билинди.

«Чогулган материалдардын негизинде Кыргызстандын Жазык кодексинин 323-беренесине ылайык ага карата сотко чейинки териштирүү башталды», — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

УКМК директордун атын ачык атаган эмес. Бирок расмий булактарда бул кызматта 56 жаштагы Шабданбек Иманкулов турганы белгилүү.

Жол чарба департаменти УКМКнын бул маалыматы боюнча комментарий бере элек.

Бөлүшүү