COVID-19: Ооруканадан 98 адам айыгып чыкты, бирөө каза тапты

Автор -

Бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен 98 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

  • Бишкек – 40
  • Ош шаары – 8
  • Чүй облусу – 24
  • Ош облусу – 5
  • Ысык-Көл облусу – 14
  • Жалал-Абад облусу – 5
  • Баткен облусу – 2.

Ал эми Талас жана Нарын облустарынан айыгып чыккандар болгон жок.

Учурда ооруканаларда 661 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
— 3 адам (0,4%) — канааттандыраарлык абалда;
— 405 (61,2%) — орто оордукта;
— 225 (34%) — оор абалда;
— 28 (4,2%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 952 бейтап бар. Сутка ичинде Бишкектен бир адам каза тапты.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 83 миң 97 адамга жетти. Айыгып чыкккандар — 80 025. Каза тапкандар — 1401 адам.

Бөлүшүү