Мурунку министр Курсан Асанов камакка алынды

Автор -

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармады. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады, деп жазат «Азаттык». Курсан Асанов Кылмыш-жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту (имарат жана мекемени басып алуу) боюнча айыпталууда.

«Курсан Асановду бүгүн кармап, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна алып кетишти», — деди адвокат.

Ички иштер министрлиги Асановдун кармалышы боюнча расмий кабар тарата элек. Буга чейинки маалыматтарда ал 26-январь күнү суракка чакырылганы кабарланган.

Ал мурда 2020-жылдын 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынган. 4-ноярбда кайра үй камагына чыгарылган.

Курсан Асанов 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкер катары катышып, жалпы шайлоочулардын 0,5 пайыз добушун алган.

Кийинчерээк ал шайлоонун жана мамлекетти башкаруу системасын аныктаган референдумдун жыйынтыгы менен макул эмес экенин билдирген.

Асановдун жубайы ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шек саналып, 11-январда суракка чакырылган. Сурак маалында инсульт алып, ооруканага түшкөнү кабарланган.

Бөлүшүү