Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти кызматына расмий түрдө киришти. Ант берүү аземи бүгүн, 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.
Президент аппаратынын маалыматына караганда, инаугурацияга чакырылгандардын 80% — жөнөкөй жарандар. Тизмеде ошондой эле ЖК депутаттары, мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык корпус, ошондой эле бир катар чет элдик коноктор болду.
«Тизме Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы штабы менен макулдашылган. Мындай айтканда, бардык кыргызстандыктар инаугурацияга чакырылды. Алар ант берүү аземин түз эфирде көрө алышат», — деди президент аппаратынын жетекчиси.
Ант берүү аземине Садыр Жапаров эч кимди коштотпой, жалгыз келди. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайланган президентке күбөлүк, президенттин төш белгисин жана штандартты тапшырды. Ант бергенден кийин Садыр Жапаров кыргыз жана орус тилдеринде сөз сүйлөдү.
Филармониядан чыккан президент Жапаров өкмөт үйүндөгү иш бөлмөсүнө келди.