Түркияда террордук уюмдун мүчөлөрү кармалды, арасында кыргыздар да бар

Автор -

Түркияда тыюу салынган «Ислам мамлекети» аталышындагы террордук уюмдун 12 мүчөсү кармалды, алардын арасында кыргыз жарандары да бар. Бул тууралуу аталган өлкөнүн улуттук коргоо министрлигине таянып, түрк басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-декабрында 12 адам Сириядан Түркияга мыйзамсыз көчүп кетүүгө аракет кылышкан. Алар кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.

«Полиция кызматкерлери кармалгандар жогорудагы аталган уюмдун мүчөлөрү экендигин аныкташкан. Анын бешөө Орусиядан, төртөө Өзбекстандан жана үчөө Кыргызстандан экендиги белгилүү болгон. Мындан тышкары согушкерлердин бири издөөдө жүргөндөрдүн катарында болгон», — деп жазылат маалыматта.

Бөлүшүү