Финполдун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлери мамлекетке келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөп беришти. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын июль айында «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Кыргызстандан 75 кычкылтек концентраторун жана акциздик маркасы жок тамеки продукциясын мыйзамсыз чыгарып кетүү аракетине бөгөт коюшкан. Кармалган жүк Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөө органдарына өткөрүлүп берилген.
Бирок кийин белгилүү болгондой, Финполдун кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ордун толтурууга келтирилген зыяндын суммасын төмөндөтүп, ошондой эле жүктүн бир бөлүгүн, атап айтканда, 27 кычкылтек концентраторун оздөрүнө алып коюшкан.
Бул факт боюнча «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталып, мамлекетке 9 миллион сомдон ашык зыян келтирилгендиги аныкталды. Мамлекеттин пайдасына сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 7 миллион сомдон ашык өлчөмдөгү зыяндын орду толтурулган.
Азыркы учурда Финполдун кызматкерлерине карата жана калган сумманы мамлекетке өз убагында төлөтүп берүү боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.