Кадамжайда окуучу кыздарды жол четиндеги бардюр басып калды

Автор -

Кадамжайда эки окуучу кызды жол четиндеги бардюр басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 3-февраль күнү саат 17:24 чамасында болуп,  Кадамжай шаарынын Анкур-Сай көчөсүндө 2 окуучу кызды жолдун четиндеги бардюр басып калган. Алардын биринин буту сынып, экинчиси жеңил жаракат алган.

«Тез жардам кызматы жабыркаган окуучу кыздарды алып кеткен. Азыркы убакта кыздардын абалы жакшы», — деп билдирет басма сөз кызматы.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү