Медет Садыркуловдун кызы Эсеп палатасын убактылуу жетектемей болду

Автор -

Эсептөө палатасынын төрайымынын милдетин аткаруу Айжан Садыркуловага жүктөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кызматка дайындоо боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Садыркулова Эсеп палатасындагы аудитордук ыйгарым укуктары аяктаганга чейин жетекчинин милдетин аткарат. Ал 2016-жылдын апрель айында беш жылдык мөөнөткө аудитор болуп дайындалган.

Айжан Садыркулова 2009-жылы киши колдуу болгон Медет Садыркуловдун кызы экени айтылууда. Атасы президенттин администрациясынын жетекчиси болгон.

Буга чейин Эсеп палатасынын төрагалык кызматын Улукбек Марипов аркалап келген. Ал премьер-министрликке дайындалгандан кийин орун бош турган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү