Москвада кыргызстандык кызга кол салууга шектүү жаран кармалды

Автор -

Москвада кыргызстандык кызга кол салууга шектелип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, шектүү — 23 жаштагы кыргыз жараны. Ал полиция бөлүмүнө жеткирилди. Жаран кылган кылмышын мойнуна алып, бул ишке кызганычтын айынан барганын айткан.

Эскерте кетсек, окуя 2-февраль күнү болжол менен 15:28дер чамасында болгон. Москва облусунун Красногорск шаардык округунун Павшинский бульвар көчөсүндөгү №12 үйдүн жанынан бейтааныш адам 24 жаштагы Р.А. аттуу кызга бычак менен кол салган. Жарадар болгон кыз Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Учурда ал ооруканада.

Факты боюнча Москва облусунун Красногорск шаардык округу боюнча тергөө башкармалыгы РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 2-бөлүмү (Курал катары колдонулган буюм менен денеге атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.