Бишкек — Москва багыты боюнча туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлдү

Автор -

Кыргызстанда Бишкек — Москва багыты боюнча туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлдү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

Каттамдарды эки авиакомпания аптасына үч ирет жүргүзүп жатат: «Аэрофлот» (шейшемби, жума, жекшемби) жана «АвиаТраффик» (шаршемби, жума, жекшемби).

Кыргызстандыктар, мындан сырткары, чартердик, анын ичинде башка багыттагы авиакаттамдар менен да учуп кете алышат. Бул үчүн бир катар негиздемелер керек. Алар:

  • Россияда жашаган жакын туугандары (өмүрлүк жары, ата-энеси, балдары, асырап алуучусу, асырап алынгандар), Россия жарандарынан камкорчулары барлар;
  • чет өлкөдө жашаган мекендештердин Россияга ыктыярдуу түрдө көчүп келүүсүн илгерилетүү боюнча мамлекеттик программага катышуу;
  • дарылануу үчүн баруу;
  • Россияда жашоого уруксат кагаз алуу;
  • камкордукка муктаж оорулуу туугандарына (жубайына, ата-энелерге, балдарга, багып алуучу ата-энелер, асырап алынган балдар), камкорчуларга баруу үчүн Россияга бир жолу кирүү;
  • Россияга жогорку квалификациялуу адис катары үй-бүлө мүчөлөрү (жубайлар, ата-энелер, балдар, багып алуучу ата-энелер, асырап алынган балдар) тарабынан ФСБга жана Россиянын ИИМине жумуш берүүчү жиберген тизмелер боюнча;
  • дипломатиялык же консулдук мекемелер аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлер, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү.
Бөлүшүү