Коопсуздук кеңешинин катчысынын 1-орун басары кызматынан бошотулду

Автор -

Жаныбек Капаров Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Капаров отставкага кетүү боюнча өзү арыз жазган.

Капаров бул кызматка өткөн жылдын 10-октябрында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан дайындалган. 2015-2016-жылдары Капаров Башкы штабды жетектеп турган.

Бөлүшүү