Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 111 киши сакайып чыкты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 111 киши сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

— Бишкек – 31
— Ош шаары – 3
— Чүй облусу – 40
— Ош облусу – 9
— Талас облусу – 2
— Нарын облусу – 1
— Ысык-Көл облусу – 18
— Жалал-Абад облусу – 5
— Баткен облусу – 2.

Учурда 434 бейтап стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
— 289 (66,5%) — орто оордукта;
— 114 (26,2%) — оор абалда;
— 31 (7,1%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 543 бейтап бар.

Ушуну менен коронавирус жана пневмонияга чалдыккандардын саны 85 171 адамга жетти. Алардын ичинен 81 825 адам айыгып чыкты. 1433 каза тапты.

Бөлүшүү