Бишкектин прокурору болуп Марсбек Кыдыкбаев дайындалды

Автор -

Бишкектин прокурору болуп Марсбек Кыдыкбаев дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Чечимге башкы прокурор Курманкул Зулушев кол коюп, Марсбек Кыдыкбаев өздүк курамга тааныштырылды.

Буга чейин баш калаанын прокурору Темирбек Бекмаматов өз каалоосунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Эске сала кетсек, Марсбек Кыдыкбаев Токмок шаарынын прокурору болуп турган. 2012-жылы ага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Бюджет каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу» жана «Расмий документти жасалмалоо» беренелери менен кылмыш иши козголгон. Алгач ал тергөө изоляторунда кармалып, кийин үй камагына чыгарылган. Сот кийин аны актаган.