COVID-19: Сутка ичинде 83 жаран айыгып, бирөө каза тапты

Автор -

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 83 жаран сакайып чыкты, Ош облусунда бир бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Айыккандар:
— Бишкек – 30
— Ош шаары – 3
— Чүй облусу – 32
— Ош облусу – 7
— Талас облусу – 1
— Нарын облусу – 2
— Ысык-Көл облусу – 2
— Жалал-Абад облусу – 6.

Учурда стационарда 427 бейтап дарыланууда, алардын ичинен:
— 3 адам (0,7%) — канааттандыраарлык абалда;
281 (65,8%) — орто оордукта;
— 117 (27,4%) — оор абалда;
— 26 (6%) — өтө оор абалда.

Амбулатордук дарыланууда 522 бейтап бар.

Ушуну менен Кыргызстанда бул вируска кабылгандардын жалпы саны 85 328 адамды түздү. Анын ичинен 82 006 адам айыгып чыкты. 1437 адам каза тапты.

Бөлүшүү