Бишкек мэриясы бала бакча менен мектептерди ачуу маселесин кароодо

Автор -

Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов шаардагы мектептерди, бала бакчаларды толук ачуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептерди толук ачуу маселеси шаар мэринин милдетин аткаруучу вице-мэрлер жана муниципалитеттин кызматкерлери менен өткөргөн жыйында талкууланды.

«Борбор калаада эпидемиологиялык абал туруктуу. Мектептер, бала бакчаларды ачуу боюнча ата-энелерден көптөгөн суроолор келип жатат. Акыркы суткада борбор калаада коронавирус илдети менен жабыркаган 32 адам катталган. Алардын ичинде 18 жашка чейинки мектеп окуучулары катталган жок», — деп жазылат маалыматта.

 

Бөлүшүү