Азиздер жана дүлөйлөр коому майыптар үчүн салынган турак-жайларды туура эмес бөлүштүргөн жетекчисине нааразы.

Алар буга чейин бир нече жолу митинг өткөрүп келген. Акыркы жолу коомдун мүчөлөрүн КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов кабыл алып, бул маселени чечип бере турганын айткан.

Коомдун укук коргоочусу Бактыгүл Смаева saat.kgге билдиргендей, бүгүн президент Алмазбек Атамбаев башка жол менен өтүп кеткен.

«Президенттик аппараттын өкүлдөрү келип, кйинки жумага чейин күтүп турууну суранышты. Тегерек стол уюштуруп бул мсалени талкуулай турганын айтышты», — дейт Смаева.

Учурда «Ак кеме» мейманкананын жанында турушат.