Европа Чемпионаты эң эле кызык жерине жетти окшойт. Алдыда жарым финалдагы акыркы оюн. Франция-Германия. Ким жеңет? Турнирдин кожоюнубу, же немис машинесиби?

Букмекердик компанияларда, ышкыпоздор арасында  финалга Германия-Португалия чыгат деген божомолдорду айтылып келет. Демек Францияны эсепке албайбызбы?

Бирок бул жолу Германияга бир аз оорурак болот.

Себеби Аргентина-Германия матчында жалгыз голду киргизип командасына жеңиш алып келген Матс Хуммельс бул жолу дисквалификациядан улам оюнга чыкпайт. Ал эми Томас Мюллер бир аз солгундап, мурункудай таамай теппей калгандай.

Йоахим Левдун дагы бир баш оорусу Сами Хедиранын жаракатка байланыштуу ойнобогону жана башкы форвард Марио Гоместин жок болгону. Бирок немис күйөрмандарына жубатуу: Бастиан Швайнштайгер эң биринчи мүнөттөрдөн баштап эле талаага чыгат.

Мануэль Нойер  бул матчты кандай өткөрөт? Себеби француздарда алтын бутсыга талапкер дароо үч оюнчу бар: Антуан Гризманн, Оливье Жиру жана Дмитрий Пайе.

Анан да Баварияны коркунучтуу түшүнө кирген- Оливье Жиру болуп саналат .

«Мен Нойердин дарбазасына топ киргизип келгем, жана киргизем. Ал мен үчүн жара албаган дубал эмес».- дейт ал.

Француздар буга чейин өткөргөн чоң турнирлерде 1984-жылдагы Европа Чемпионаты жана 1998-жылдагы Дүйнө Чемпионатында жеңишке жетишкен. Германия болсо 4 жолу  Европа Чемпионатында турнирдин кожоюндарын жарым финалдан сүрүп чыгарган. (Бельгия- 1972, Югославия- 1976, Швеция- 1992, Англия – 1996)

7-июлдан 8-июлга караган түнү саат 01:00дө Франция-Германия оюунун көрүңүз.

Ал эми финал 10-июлда «Стад-де-Франс» стадионунда өтөт.