Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан “Сосновка” контролдук-өткөрмө пунктунда жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу чөйрөсүндө эмгектенген салык төлөөчүлөрдү тейлөө борбору ачылат.
Салык кызматы билдиргендей, борбордун ачылышы июль айынын экинчи жарымына пландалууда.
Борбор жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган жарандарды сапаттуу тейлөө үчүн шарт түзмөкчү. Анда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган ар бир жаран, анын кайда жашагандыгына жана кайсы жерде иш жүргүзгөндүгүнө карабастан, “Сосновка” контролдук-өткөрмө пункту аркылуу өтүүдө зарыл болгон учурда салыктык тейлөөлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
«Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыган жеке жак салыктык каттоодон өтпөгөн учурда, борбордун кызматкерлери субъектти салыктык каттоого алышаарын белгилей кетмекчибиз”, — деп билдирет.
Мындан тышкары, бул борбордогу салык кызматкерлеринин функциясына “Сосновка” контролдук-өткөрмө пункту аркылуу мунай заттарды ташыган унаа каражаттарын текшерүү да кирет.






























