Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан мыйзамсыз зараң дарагы кыйылгандыгы аныкталды.
Экотехинспекциясы билдиргендей, эч кандай уруксаат кагаздары жок тамыры менен кыйып салышкан.
Экотехинспекциясынын Ош шаары боюнча адиси Асан Мамыраимов тарабынан протокол түзүлүп, 7120 сом доо коюлду.































