Август айында эң чоң спорттук иш-чаралардын бири — Риодогу олимп оюндары.

Оюндар 5-21-августта өтөт. Спорттун 28 түрү боюнча 306 комплект медаль ойнотулат. Учурда Бразилиянын монета сарайында 812 алтын, 812 күмүш, 864 коло, баары биригип 2488 медаль даярдалды.

 

Жөнөкөй кыргыз жараны үчүн Бразилияга барып Олимпиаданы жакындан көрүп, өз мамлекетине күйөрмандык кылууга канча каражат талап кылынат. Батирди сатуу керекпи же машиненсинин акчасы жетеби?

bilet.kg порталынын маалыматына ылайык, Рио-до-Жанейрого чейин түз каттам жок.  Каттам 342 км алыстыкта жайгашкан Сан-Паулуга чейин. Эки тараптуу билет баасы 1728 $ (эконом класс). Ал эми Кыргызстандагы ири турагенттик Риого чейин билет бар экендигин айтып өттү. Бирок баасы маршруттан көз каранды. 2 807 $ Бишкек — Москва — Париж — Рио-де-Жанейро багыты, эгерде Бишкек — Москва — Нью-Йорк — Рио-де-Жанейро 5 348 $ болот. Мындан тышкары 185 $ туристтик виза ачууга кетет.

Airbnb порталында эң арзан батир 10$, шарты менен 720 $ чейин болот.

Оюндардын эң кызыктуу учурлары ачылуу жана жабылуу аземи болуп эсептелет.

Катышуу үчүн 600  -3 000 $ чейин берүү керек. Спорттук иш-чараларга билеттер оюндун түрүнөн, этаптан жана орундан көз каранды. 7,5 млн билетинин жарымын (3,8 млн) 30$ алууга болот. Демек эсептей келгенде жалпы сумма 3 632 $ түзөт.  Виза 185 $, авиабилет эконом класс 2 807$, батир күнүнө 10 $.

Кыргыз спортчуларына канча каражат кетет?

Спортчуларга жалпы мамлекеттин бюджетинен 100 млн $ бөлүнүп берилген. Анын 30 млн $ футболду өнүктүрүүгө каралган. Калганы жалпы даярдыкка, эл аралык мелдештерге катышууга, барып келүүгө жумшалат.

Кыргызстандан Олимпиадага жолдомо алган 17 спортчу, 8 машыктыруучу, 2 жеке дарыгер, машыктыруучу, 2 укалоочу, оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев, олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Төлөсүн Ысыралиев болуп жалпысынан 35 адам барат.