Президент Алмазбек Атамбаев былтыр 1 млн 298 миң 448 сом тапкан.
Мамлекеттик кадр кызматы билдиргендей, “Чыгымдар” графасында президент өзү тапкан каражаттарынан 34 млн сом короткон. Бирок, каражаттарды кандай максаттарга каржаганы ачыкталган эмес.
Президенттин 27 миң кв метр курулуштары жана 64 миң кв метр жерге тигилген көп жылдык бак-дарактары бар жана алар ишеним башкармалыгына өткөрүлүп берилген.
Ал эми президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын мурунку жылдагы негизги ишинен түшкөн кирешеси 182 миң сом болгон. 112 миң сом эсепке салынган акчалардын пайызынан түшкөн. Андан сырткары анын 2 батири жана өзүнө таандык унаа токтотуучу жайы бар.