Орус интернет айдыңында улуттук кураманы кетирүү турасында талкуу күч алууда. Алар 215 миңден ашык кол чогултту.
Демилгечилер команда “ишеничти актаган жок” деген айып менен таратып салуу керек экенин айткан.
rsport жазгандай, алар жаңы курама түзүлүшүн, үнөмдөлгөн акчага футбол аянтчалары курулушун талап кылат.
Европа Чемпионатында Орусия тайпалык оюндардан да чыга албай эң акыркы 4-орунду алган. Англия менен тең, ал эми Уэльс менен 0:3 эсебинде ойноп, турнирде бир эле упай алган.
Мында алар эң начар курама катары аталгандан кийин команданын эки футболчусу Павел Мамаев жана Александр Кокорин Монте-Карлодогу кымбат түнкү клубдардын биринде 500 бөтөлкө шампан ичимдигин алып майрамдаганы интернетке чыгып кеткен.