Тоноого шектелгендер бугай чейин милиция кызматкерлери болгону аныкталды.
4-июлда орусиялык турист майып баласын Ысык-Көлгө дарылоого алып келе жатканда, жолдон укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштыргандар тоноп кеткен.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын ИИМ билдирди.
Бул окуяны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жеке көзөмөлүнө алышкан.