Өндүрүшчү өлкөлөрдүн арасынан Кыргызстан өрүгү менен алдыңкы орундарга чыгышы мүмкүн.

Азыркы убакта өлкө өрүк өстүрүп сатуу боюнча 25 орунда турат. Жылына бул мөмөдөн 50 миң тонна түшүм алынат.

Ата мекендик продуктыларды өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев,

“Кыргызстан өндүрүүнүн технологиясын жана инновациясын жакшыртуу менен өрүктөн он эсе көп түшүм ала алат. Түшүмдү накталай гана албастан шире, концентраттарды да чыгарса болот” – деген оюн билдирген.

Дегенбаев иштетүүчү заводдор курулат деген үмүтү бар экенин айтты.