ЖК экс-спикери Асылбек Жээнбеков былтыркы жылдын эсебинен 2 млн 158 сом тапкан.
Мамлекеттик кадр кызматы кабарлагандай, мурунку төраганын 1 үйү, 2 жер тилкеси, 2 курулуп жаткан имараты жана бүтө элек бир тамы бар.
Анын жубайы болсо 2015-жылы 348 миң сом тапкан.
Ал курулуп жаткан имараттын жана декларацияда аянты такталбаган жер тилкесинин ээси.
Буга чейин президентин тапкан каражаты 2015-жылда 1 млн 298 миң 448 сом болгондугу айтылган.