Акыркы учурларда интернет жашообуздун маңызын түзүп жаткандай. Социалдык тармактын активдүү колдонуучулары чынында бири-биринен айырмаланбайт деле. Анда ошол адамдардын түрлөрүн сунуштайбыз.

Ызалуу кеңсе кызматкери

Кыргызстанда эл аралык масштабдагы иш-чара өтөт деген сыяктуу жаңылыктарга алар:

-Кыйратыптыр, андан көрө жол оңдобойт беле!

-Мектептерде мугалимдер жетишпей жатса, биздин өкмөт майрамдаганы турат.

-Ошол иш-чаранын айынан көлдө балыктардын саны азайып баратат деген пикирлерин калтыргандар эртеден кечке кеңседе отургандар.

Бул топ кынтыксыз иштен да күмөн саноого шылтоо табат.  Айтоор, алардын көңүлүн Кыргызстан Дүйнөлүк Чемпионатка барып келди деп да көтөрө албайбыз.

Калп күйөрмандар

7 деген жазуусу бар футболканы кийип сүрөткө түшүп, Криштиану Роналду же Антуан Гризманн туралуу пост жазып коюу эч кимди тилекке каршы күйөрман кылбайт.

Менин таанышым бул Евродо «Роналдуну колдойм» дейт.

— Оо жакшы Португалияга күйөрмандык кыласыңбы десем,

-Жок, Реал-Мадридге деп жооп берген болот.

Абайлагыла кыздар жок дегенде анда-санда чемпионат тууралуу обзор, рецензияларды окуп коюу ашыктык кылбайт.

Кадамымды байкап тур

Дааратканага барып келгенинен бери сүрөткө тартып жүктөгөн адамдарды карап кызыктай ойлор келет. Булар иштебей эс алып эле 24 саат бою социалдык тармактарда отурса кайдан мындай кооз жашоого акча табат ыя?

Интернет депутаттар

Ар бир мыйзам долбоорун креслодо отурган аткаминерлерден бешбетер сынга алат. Саясатка тиешелүү маселелерди көз жаздымынан калтырбайт. Бул колдонуучу кандай иш-аракет менен мамлекетти  өнүктүрүүгө болоорун билет. Шайлоолорго жакын активдүү боло баштайт. Ар бир саясатчыны сындап чыгуу анын милдети. Кадимки депутаттардан айырмасы жок.

Фейсбуктагы коомдук ишмерлер

Бул колдонуучулардын экономика, укук таануу, экология тармагынан жогору билими бардай кеңештерди берет. Маселени талкууга алуу үчүн тема тууралуу деле түшүнүктүн кереги жок. Болгону коом үчүн күйүп-бышып жатканын көрсөтүп коюу жетиштүү.

Тергөөчү

Шаарыбызда же мамлекетибизде болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун билбесе да, ким күнөлүү экенин бул колдонуучу жакшы билет. «Шаарда таштанды көбөйдү» десе, «анткени айылдан келгендер көбөйдү» дейт. «Аба булганып жатат» десе, «Америка атайын булгап жатат» деген жоопту укса болот.

Кара далы

Бул топто «менин үйдөгүлөрүм мени турмушка чык дей берип тажатышты» дегендер. Туугандарына, апасына, күйөөгө тийип кеткен курбу кыздарына нараазы болуп эле жүрөт. Мышыктар менен көз карандысыздык тууралуу постторду көп жазган бул колдонуучулар арасында өз көйгөйүн мыскылга айландырып койгондор да бар.

Тамашакөй

Алар күлкүүнү келтирген постторду жазат. Мисалы «бул тексти кимде-ким 10 адамга жөнөтсө 1 жума бою бош маршруткада туш болот. Эгер көңүл бурбай койсо анда 14 күн бут койгонго жер жок, жык-жыйма, аба киргенге тешиги жок унаага туш болот», — дегендер.