Санкциялык тинтүүлөрдүн натыйжасында Аламүдүн районунда жашаган 1982-жылкы жарандын үйүнөн “Хизбут-Тахрир” уюмуна тиешелүү материалдар табылган.
Экстремисттик топко тиешелүү ар кандай диний-экстремисттик өңүттөгү 60 материал жана электрондук колдонмолор алынган.
Учурда жаран ИИБнын убактылуу жайында кармалып, тергөө иштери жүрүп жатканын Бишкек ШИИБи билдирди.