Бүгүн Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун соту кайрадан өтүп жатат.
Сотто биринчилерден болуп июнь окуясында каза болгон Базар-Коргон РИИБинин башчысынын бир тууганы сүйлөдү.
Ал Аскаров боюнча чыккан сот чечимин ошол боюнча калтырууну суранды.
“Эмнеге башка өлкөнүн чакырыгы боюнча соттун чечимин өзгөртүшүбүз керек. Укук коргочулар биздин укугубузду коргобой, июнь окуясына күнөөлүү Аскаровду колдоп жатат. Бул боюнча күбөлөр көп. Аны эч ким урган эмес. №47 колонияда бардык шарттары менен жакшы эле отурат. Биз Аскаровду өртөгөнгө даярбыз”, — дейт милициянын тууганы.
Өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши кайрадан каралууда.
Быйыл апрелде БУУнун адам укуктары боюнча комитети Кыргызстанды Аскаровду абактан бошотуп, сот өкүмүн жокко чыгарууга чакырган.
Аскаров 2010-жылы июнь окуясына байланыштуу камакка алынган. Ага “улут аралык жаңжалды козуткан” деген айып тагылган.