Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловду кабыл алды.
Өкмөттөн билдиргендей, Жаманкулов туристтик тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттары, абалды жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жана анын келечеги тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле жакында расмий түрдө ишке киргизиле турган, алты тилде даярдалган кыргыз тууралуу веб-сайттын долбоорун тартуулады. Веб-сайттта Кыргызстандын эс алуу жайлары, элдин салт-санасы камтылган.
Өкмөт башчы департамент туристтерди тартуу боюнча ишти жандантуу негизги милдети экенин айтты.