Быйылкы жылдын январь-июнь айларында инвестициядан түшкөн капитал 39 млрд дан ашык сомду түзгөн.
Мурунку жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 2%га көбөйгөн. Ички булактардан каржыланган инвестиция 7,8%га жогорулап, тышкы булактардан каржыланганы тескерисинче, 17,5%га азайган.
Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 82 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу), транспорт ишмердиги, билим жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган.