Жарандар жана ишкерлер маалымат борборуна чалып, суроолоруна жооп алып, бизнес ачуу боюнча маалымат ала алышат.

Маалымат борбордун максаты бир гана суроолорго жооп берүү менен чектелбестен, ЕАЭБ, ПЖТ+ (преференциялардын жалпы тутуму) жана инвестициялар боюнча маалымат менен камсыз кылууга багытталган.

“1220 номерине чалып суроолорго ыкчам жооп алса болот. Эгер оператор жооп бербесе, бир аздан кийин кайра өзү байланышка чыгат” – дейт экономика министри Арзыбек Кожошев.

Анын билдирүүсүндө, борбор эки ай бою тесттик режимде иштеп турган. Буга чейин товар экспорттоо боюнча көптөгөн суроолор келип түшкөн.