Комиссия бир ай мурун Балыкчы-Корумду унаа жолундагы эрежелерди эске албаган жазуулар боюнча тиешелүү тармактарга кайрылуу жолдогон.

Ага карата башкы прокуратура Ысык-Көл облустук прокуратурасына, транспорт жана коммуникация министрлиги жол оңдоп жаткан “Лонг-Хай” ишканасына тапшырма бергендиги тууралуу жана өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги бул маселени жөнгө салбай тургандыгы жөнүндө билдирүү келген.

Бир ай өткөнүнө карабастан жол белгилеринде өзгөрүү болгон эмес.

Меркел айымды тосуп алууга арналган  көрнөктөр мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды эске албай, кыргызчасы да пунктуалдык каталар менен илинип турат.

Мэрияга караштуу Жарнама департаментинин жоюлуп кетиши мындай көрүнүштөрдү күчөтүп жатканын тил комиссиясы билдирет.