Бүгүнкү “Кыргыз элим, кайда баратабыз?” деп чакырык таштаган, ким илгени аныкталбай жаткан баннер коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Муфтият коомчулукту таасирленип, чектен чыкпоого чакырды.

Ал эми белгилүү серепчилердин бири Марс Сариев фейсбуктагы баракчасына:

“Алдыда Кыргызстандын тышкы саясий багыты аныктала тургандыктан,  азыр өлкө батыштын көңүл чордонунда турат” – деп өз пикирин жазган.

Анын оюу боюнча, булардын баары жөн жерден жасалып жаткан жок.

«Азыр үч окуя боюнча кырдаал курчуп кетиши мүмкүн болуп турат.  Алар диний жана светтик кырдаалдын жарылуусуна, Азимжан Аскаровдун ишине байланышкан этникалык кырдаалдын жарылуусуна жана үчүнчүсү Текебаев көтөрүп чыккан үйлөрдү түрттүрүү боюнча мыйзамы шаардыктардын протесттик карышылыгына алып келиши мүмкүн. Даярдалган үч форматы ишке ашырылды. Кантсе да даяр болуу керек. Кырдаалды ойлонуштуруп, каршы чараларды көрүү керек” – деп ой-толгоосун бүтүргөн.

Дин таануучу Кадыр Маликов бирөө экинчи адамга кандай кийинүү керектигин таңуулай албай турганын айткан.

«Бирок, кийилген кийим коомчулуктун кыжырына тийбеши керек. Ислам мусулмандан коомчулук менен бир жашоодо жашоону талап кылат. Душмандашуу жаралбашы керек” – дейт.

Эксперт Светлана Осауленко болсо k-news маалымат агенттигине берген маегинде коомдун исламдашуусуна каршы чакырык таштаган баннер анын жеке оюмда жөн гана позитивдүү маанайда жазылганын билдирген.

«Ал эми ар бир адамдын субъективдүү ою бар болгондуктан кандай дешти өзү билет» — деген пикирде.