Көзөмөлдөп-өткөрүү пунктун жакшыртуу демилгеси Кыргызстандын чек ара кызматы жана Кытайдын коргоо министрлиги тарабынан көтөрүлгөн.

Эл аралык “Иркештам унаа жолу” жана “Торугарт унаа жолу” пунктарынын курулушуна Кытай тараптан 42 млн юань бөлүнгөн.

Кыргыз-кытай чегиндеги пункттун жаңы инфраструктурасы ЕАЭБ талаптарына жооп бере тургандай курулуп, чек арадан өтө турган адамдарга менен унааларга жакшы шарттар түзүлүп жатканын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.