Бүгүн Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан үйдөн бир жарым жаштагы наристе 3-кабаттан кулап кеткендиги тууралуу тез жардамга чакыруу түшкөн.

Жабыр тарткан бала бир нече жаракаттары менен №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилди.