Апрелде 1996-жылга чейинки эски үйлөрдү түрттүрүп, ордуна заманбап үйлөрдү куруу жөнүндөгү мыйзам долбоорду “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев коомдук талкууга койгон.

«Шаардын борбордук аймагында 1,5 миң гектар жерде 3314 эскилиги жеткен турак жай бар.  Аталган аянтта 77 жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Жаңы, заманбап үйлөрдүн айланасында көрүнүштү бузган, эскилиги жеткен тамдар жайгашкан. Үй ээлерине сатуу боюнча сунуштар түшкөндө алар өтө көп сумманы талап кылып жатышат, ошолордон улам борбордун көркү бузулууда» — деп айткан.

Ошондой эле мэрия тарабынан көз карандысыз комиссия түзүлүп, бузула турган үйлөрдүн чыныгы баасын адилеттүү түрдө баалап берет. Ар ким үйүнө каалашынча бааны коё албай турганы айтылган.

Үйлөр сүрдүрүлө турган аймакка 1,5 гектарлык Сүйүмбаев, Линейный, Жибек жолу көчөлөрү  жана Жаш гвардия бульвары менен чектелген квадрат киргизилген.

Коомчулукка сунуштагандан кийин эл арасында ар кандай пикирлер айтылып, анын бул пикирин авантюралык долбоор дегенге чейин барышкан. Ал тургай үйлөрдү бузууга каршы чыккан активисттер депутаттын кетишин талап кылууга чогулганда Текебаев алар менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Ал ээлери чет жерге чыгып кеткен, шаардын генпланына туура келбеген үй курулуштары арбын экенин айтып, маселени ошол үйлөргө такаган. Мектеп, театр, бала бакча курула турган жерлерге мыйзамсыз көп кабаттуу үйлөр түшкөнүн, ошолорду алуу керек экенин билдирген.

Мэрияга караштуу шаар куруу жана долбоорлоо өнөрканасы бөлүмүнүн жетекчиси Жыргалбек Асаналиев шаар эскилиги жеткен 3320 дай үйлөрдөн тазаланышы керек деп билдирген.+

“1930-жылдары самандан салынган үйлөрдүн абалы начар, эскилиги жетти. Арасында 1-2 кабаттуу, анча-мынча үч кабаттуу жана барак тибиндеги үйлөр бар” — деген.

Ал эми шаар тургундары эски үйлөрдүн сатылган баасына жаңы үйлөрдү алууга мүмкүн эместигин айтып үйлөрүнөн кол жууп калуудан коркушат.

Ал тургай демилгечи топтун мүчөсү Мария Абакирова бул долбоорду элге каршы деп билдирген.

«Бүгүн борбордогу үйлөр тартылып алынса, кезек шаар четине да жетет» — деген.

Ал эми жаш саясатчы Адиль Турдукуловдун айтымында, чынында бул маселени ар тараптуу караш керек.

«Мындай көйгөй бар экенин эч ким тана албайт. Борбордогу урап, көрктү кетирип жаткан имараттар көп эле. Аларды ирээтке келтирүүгө аракеттер көрүлүшү керек. Бирок, кандай жолдор менен ишке ашыруу керек деген маселе турат. Анткени, бул иште укукту бир гана жарандын өзүнө берип койсо ал сатпайм деп, же баасын көтөрүшү мүмкүн. Экинчи жагы мыйзамдагы жеке менчикке болгон укук бар. Ошондуктан бул жерде эки дилемма болуп жатат». — деп жаш саясатчы Адиль Турдукулов өз оюн билдирди.

Мындан тышкары анын айтымында, бир тарабынан алып караганда жарандардын каршы чыгып жатканы бийлик институттарына болгон ишенимдин жоктугу.

«Анткени, мыйзамда айтылгандай иш жүзүнө ашары жарандарга бүдөмүк. Бийликке ишеним жок, мэриядагы  аткезчилик иштеринен кийин элдин ишениши кыйын болуп турат. Элдин каршы чыкканынан мунун социалдык оор маселе экени белгилүү болду. Өзүнүн жеке менчикке келгенде элдер чыкпай койбойт” – деди ал.