Тез жардамдын келишине чейин көз жумгандар: Жолдошбаев Мирлан Автандилович (05.08.1986) жана Качкынбаев Арген Алмазбекович (06.07.1997).

Орусиядагы кыргыз элчилиги маалыматына ылайык, Ершовдук райондук ооруканада:

Микроавтобусдун айдоочусу Токтогулов Абай Автандилович (21.04.1981)

Сариев Тагай Сагыналиевич (24.07.1996)

Татаева Алтынай (28.02.1989)

“Элчилик жабыр тарткан кыргыз жарандары  менен үзгүлтүксүз байланышта болуп турат”,- деп айтылат билдирүүдө.

13- июль күнү Ершов районундагы Энгельс-Озинки унаа жолунда кырсык катталып, бир нече кыргызстандыктар жабыр тарткан.