“Жарандык платформа” Кыргызстандын 10 калктуу конушунда шайлоочулар жана жарандык сектордун активисттери үчүн окутуу өткөрөт.
Окутуунун максаты – депутат менен шайлоочулардын ортосундагы өз ара мамилени жөнөкөйлөтүү, муну менен бийлик менен жарандардын диалогун кыйла ачык жана натыйжалуу түзүү.
Калк арасында жарандык аң-сезимдин жана саясий маданиятты өнүктүрүү, электоралдык активдүүлүктү жогорулатуу, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ишиндеги «ачыктык жана отчеттуулук индексин» практикага киргизүү болуп саналат.
Жарандык активисттерди окутуу 10 пилоттук субьектте — Кыргызстандын 6 шаарында жана 4 аймактык округунда өткөрүү пландаштырылууда. Пилоттук округдар катары Ош, Майлуу-Суу, Каракол, Кемин, Балыкчы шаарлары жана Кара-Суу, Өзгөн, Араван жана Ноокат айылдык округдары тандалып алынган, аларда депутаттык корпуска шайлоолор быйыл жазында өткөн.
«Жарандык платформа» коомдук фонду – бул коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюм, анын миссиясы Кыргызстандын жарандарынын саясий, экономикалык жана социалдык бакубаттыгына жетишүү үчүн жарандык коомдун институттарынын потенциалын түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу долбоордун координатору Чынара Усупбаева билдирди.