ӨКМ жыйынтыгы боюнча былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны 31%га, курман болгондордун саны 25%га азайган.

Республиканын аймагында 124 табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар катталып 21 адам курман болгон.

Ал эми өрт куткаруу кызматы тарабынан 127 адам куткарылып, жол кырсыгынан — 53 адам, экстремалдык абалдан – 65, көлмөлөрдөн -9 адам куткарылган. Алардын ичинен 61 эркек, 36 аял жана 30 жаш балдар болгон.

Жыл башынан бери 822 жолу ар кандай кырдаалдарга чыгуулар катталып, анын ичинен жол кырсыгына-103, ар түрдүү кырсыктарга чыгуу-676, өрт кырсыгына-14, шектүү жарылуучу заттарга чыгуу-5, сууга чөккөндөрдү издөөгө чыгуу-24 жолу болгон.

Куткаруу кызматтарынын жана өрт-куткаруу учурунда 150 адамдын жансыз денелери чыгарылган.

1407 өрт кырсыктары катталып, анын кесепетинен 46 адамдын өмүрү кыйылып, 40 адам жабыркап жана 102 адамдын өмүрү сакталган.