Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Соттун конституциялык палатасынын жаңы шайланган төрагасы Эркинбек Мамыровду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы конституциялык палатанын ишмердиги жана жогорку сот органынын жарандардын конституциялык укуктарын коргоо боюнча мындан аркы мерчемдери, ошондой эле эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү иштери тууралуу маалымат алды.

Атамбаев конституциялык көзөмөл органынын мамлекеттик түзүлүш системасындагы маанилүү ролун жана анын өлкөдө жүрүп жаткан демократиялык реформаларга тийгизген таасирин баса белгиледи.

Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндигин кесипкөй, ачык жана адилеттүү жактоо жана мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо аркылуу гана коомубуздун конституциялык көзөмөл боюнча Жогорку Сот органына болгон ишенимине жетише алабыз.