Жай алды менен Кыргызстандын туристтик сезондон үмүтү чоң болуп, туризм тармагы көптөн-көп аракеттерди жумшап жатты. Май айында атайын жарманке өткөрүлүп сезон ачылды.

Үгүт иштери жүрүп орусиялык, казакстандык туроператорлор чакырылды. Келкели кеткен Түркиянын туристтик потенциалы төмөн түшүп, эми туристтер бизге келет деген үмүт пайда болду эле.

Google компаниясынын өкүлдөрү келип Бишкектин жана алдыңкы шаарлардын көчөлөрү менен негизги багыт берүүчү объектилерин онлайн картага түшүрүп беришти.

Британиялык «Daily Telegraph» гезити Кыргызстанды туризми болуп көрбөгөндөй өнүгө турган өлкөлөрдүн катарына киргизип, алдыңкы орунга чыгарды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлө турганы үчүн пландар эки эсе аткарылышы керек болуп, жолдор оңдолуп, бүгүнкү күндө ат майданынын курулушу уланууда.

Тез арада Тамчы аэропорту ишке киргизилип Оштон жана Казакстандан Ысык-Көлгө авиа каттамдар жүрүп баштады.

Дегени менен туристтик сезонго терс таасирин тийгизген факторлор да болбой койгон жок.

Балыкчы-Корумду жолунун оңдолушу тоскоол болуп жатканы жашыруун эмес. Жыртык-тешик көчөлөр жолдун узактыгын арбытып, казылып, чачылып, чаңдап жаткан жолдор эс алуучуларды ирээнжитери бышык.

Май-июнь айында аба ырайы жаан-чачындуу болуп, анын туруксуздугунан туристтик сезон менен кошо эс алуучулар кечигип жатты.

Ал ортодо экотехинспекциясы 10 пансионатты экологиялык жана санитардык талаптарга жооп бербегендиги үчүн паспортизациядан өткөргөн жок. Бирок, бардык пансионаттарга даярданууга убакыт берилген болчу.

Орусиядан дарылануу үчүн келе жаткан үй-бүлөнү мурунку орган кызматкерлери карактап, тоноп кетишти. Зыяндары кайра кайтарылып, бекер дарыланууга жана эс алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Андан кийин биргелешкен изилдөөлөрдүн натыйжасында көлдүн түбүнөн канализация түтүгү табылды. Алар чыгындыларга окшоштурулуп, эки пансионатка тиешеси бар экени айтылды. Көлдүн түбүндөгү акыр-чикирлердин видеосу социалдык тармактагыларды иренжитти.

Кыргызстандык туроператорлор болсо сезондун ойдогудай болбой жатканын белгилешип, ага аба-ырайынан тышкары каатчылык жана кымбатчылык кедергисин тийгизгенин белгилешти.

Ошентип, Ысык-Көлдөгү туристтик сезондун алгачкы айлары көңүл жылыткан жок.