Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна болгон иш сапарында курулуп жаткан унаа жолунун абалы менен таанышты.
Ал жолдоду оңдоого, курууга мамлекет өзгөчө мамиле кылып жатканын белгиледи.
“Буга каражат бөлүнөт, ошондуктан сапатту жол куруу талап кылынат. Бул жол үч облусту бириктирип турган эң башкы жол. Бардык техникалык талаптар менен сапаттуу курулушу керек”, — дейт өкмөт башчы.
Транспорт министри Замирбек Айдаров жолдун негизги бөлүгү ушул жылдын аягына чейин бүтө турганын айтты.