Селдин кесепетинен көпүрөлөр азыр авариялык абалда турат. Аларды калыбына келтирүүгө 20 млн сом талап кылынат.
Узундугу 12 жана туурасы 6 метрлик“Бексултан” көпүрөсү менен узуну 9 — туурасы 6 метр “Тунтой” көпүрөлөрү 1961-жылы салынган.
Көпүрөлөрдү калыбына келтирүү 2017-жылга белгиленип жатканын КСДП фракциясынын басма сөз кызматы билдирди.
Фракциянын депуттары азыркы учурда Токтогул районундагы шайлоочулары менен жолугушууда жүрөт.