Мындай кошумча маалыматты Орусиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 13-июлда Саратов шаарында кыргызстандык жүргүнчүлөр жол кырсыгына кабылышкан. Эки адам мерт кетип, калгандары ооруканага жеткирилген.

Белгилүү болгондой кырсыктын кесепетинен тирүү калды делген жана айдоочу деп айтылган Токтогулов Абай көз жумган. Ал эми каза болду деп айтылып жаткан Жолдошбаев Мирлан ошол маалда Абайдын чарчаганына байланыштуу транспортту башкарып бара жаткан. Жыйынтыгында ал тирүү калган.

Маркумдардын сөөктөрү тийиштүү процедуралар жүргүзүлгөндөн кийин микроавтобус менен КРге жөнөтүлөт.

Дарыгердин айтымында ооруканадагы жабыркагандардын абалы орто.