Көчөлөрдө илинип турган жарнамалардын дээрлик баардыгы орус тилинде.
Бул тууралуу мамлекеттик тил комиссиясы Saat.kgге билдирди.
«Мыйзамга ылайык, жарнама, кулактандыруу мамлекеттик тилде андан кийин расмий тилде жазылышы керек. Көчмөндөр оюндарынын илинген баннерлеринде эки мыйзам бузулган», — деп кабарлады.
Ал эми Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы жарнамалар 3 тилде илинүүдө деп маалымат берди.
Аэропортто, Ысык-Көл унаа жолунда англисче, ал эми Чүй өрөөнүндө, Бишкектин борбордук көчөлөрүндө орусча илинди. Себеби ал жерлерден орус, казак, туристтер өтөт. Ал эми калган бардык жерлерде кыргызча эле баннерлер илинип жатат.
«Тил комиссиясынын арызы боюнча бир жарнама 3 тилде жазылышы керек деп айтылууда. Азыр дизайнерлер менен иштешип жатабыз. Бул сунушту дагы кароодобуз»,- деп жооп беришти катчылык.